Ташчайнар тиши менен тартчу эле... Тарбалаңдап МАЗ сүйрөгөн жигиттин видеосу

Россиянын Пермь шаарында 23 жаштагы Борис Харламов МАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны сүйрөдү.
Sputnik

Арабдарды тиши менен көтөрүп эсин оодарган Ташчайнар. Camel Fest видеосу
РИА Новости агенттигинин билдиргенине караганда, Харламов 30 тонналык автоунааны 35 секундда 4,75 метрге сүйрөгөн. Муну менен ал рекорд койгону айтылат. Ал жигиттин салмагы 98 килограмм экени айтылды. Ал экинчи ирет рекорд жасоого аракет кылууда.

Мындан үч жыл мурун кыргызстандык балбан Ринат Исмаилов жалпы салмагы 70 тонналык төрт жүк ташуучу унааны тиши менен 65 метрге чейин сүйрөгөн болчу.