Хабиб UFC 242 турнириндеги кызыктуу беттеши үчүн кошумча акча алды. Суммасы

Нурмагомедовдон сырткары бонустарды Оттман Азаитар, Муслим Салихов жана Белал Мухаммед алган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-cен. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC 242 турниринин алкагында мыкты кармаш көрсөткөндүгү үчүн акчалай сыйлык алды. Бул тууралуу UFC президенти Дана Уайт Абу-Дабидеги турнирден кийинки маалымат жыйында билдирди.

8-августка караган түнү россиялык мушкер америкалык Дастин Порьени муунтуу ыкмасын колдонуп утуп, чемпиондук наамын сактап калган.

​Нурмагомедовдон сырткары бонустарды Оттман Азаитар, Муслим Салихов жана Белал Мухаммед алган. Акчалай сыйлык 50 миң долларды түзүп келет.

Нурмагомедов алгачкы жолу чемпиондук курга 2018-жылы америкалык Эл Яквинтаны уткандан кийин ээ болгон. Ошол эле жылдын 6-октябрында ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип, наамын коргоп калган. Беттештен кийинки чыр-чатактан кийин тогуз ай дисквалификацияланган. Нурмагомедов карьерасында 28 беттешти утуп, бир да ирет жеңилген эмес.