Радио

Искаков: Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунда 34 метрлик жаракалар бар

Транспорт жана жолдор министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Замир Искаков 2015-жылдын кыш мезгилинде Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунда жаракалар пайда болгонун айтты.
Sputnik
Искаков: Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунда 34 метрлик жаракалар бар

Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылынан Арал айылына чейинки бөлүгүндө узундугу 1,5 метрден 34 метрге чейин жана жазылыгы 1,5 сантиметрге жеткен жаракалар бар. Бул тууралуу Замир Искаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган жаракалар жердин нымдуулугуна байланыштуу пайда болгон. Алар кыш мезгилинде ачылып күн жылыганда жабылып калат.

"Жарака пайда болгонун 2015-жылы кышында билдик. Бул тууралуу биринчилерден болуп Көк-Ой айылынын тургундары коңгуроо кагышкан. Комиссиянын курамындагы эксперттердин билдирүүсүнө ылайык, мындай көрүнүш жол куруу иштеринде көп эле кездешет экен. Кышында жерге тоң түшкөн учурда жол жарылса, кайра күн жылыганда асфальт өз калыбына келет. Мурун ал жакта даяр жол болгондуктан реконструкциялык гана иштер жүргөн. Анан да жердин нымдуулугу нормадан жогорулугуна байланыштуу аны жөнгө салуу көптөгөн чыгымдарга алып келмек. Ал жакта жүргүзүлгөн иштер үчүн подрядчы компанияга акы төлөнгөн эмес.  Жолго бөлүнгөн каражаттан бир тыйын корогон жок. Бирок азыркы учурда бул көйгөйдү жоюуга бардык аракеттер көрүлүп, мониторинг жүрүп жатат. Жолдун ал жактагы бөлүгүн же ошол эле компания жасайт, же башкаларды жалдайбыз. Курулуш иштери толук аяктаганга чейин маселе чечилет", — деди Искаков.

Ошондой эле ал учурда Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунун курулуш иштери аяктаган бөлүктөрүндө белгилерди орнотуу жана жол сызыктарын чийүү иштери башталганын кошумчалады.