Хабибдин жакын досу атаандашын жер каратты. Видео

Мушкерлер бала чагынан бери дос болуп бирге чоңоюшкан.
Sputnik

БИШКЕК, 8-cен. — Sputnik. Россиялык Ислам Махачев бразилиялык мушкер Дэйви Рамосту Абу-Дабиде өткөн UFC 242 турниринде жеңип алды.

Беттештин жүрүшүндө Ислам каршылашынын чабуулуна моюн берген эмес. Кармашып күрөшүүдө артыкчылык көрсөтүп, катуу сокку узатып, натыйжада калыстардын чечими менен жеңүүчү аталды.

Экөө бала чагынан бери дос болуп бирге чоңоюшкан.

Ал эми турнирдин башкы беттешинде Хабиб америкалык Дастин Порьени муунтуу ыкмасы менен багындырган.