Бишкектеги таштанды челектер жуулуп, дезинфекцияланып жатат. Сүрөт

Мэриядан Улан, Көк-Жар кичирайондорундагы, Гапар Айтиев көчөсүндөгү жана "Ала-Тоо" комплексиндеги контейнерлер жаңыланганын билдиришти.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкектеги Октябрь районунун аймагына коюлган таштанды контейнерлери жуулуп, сырдалып жана дезинфекцияланып жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеде иш он күндөн бери жүрүп жаткандыгы айтылат. "Комтранском" ишканасынын кызматкерлери Улан, Көк-Жар кичирайондорундагы, Гапар Айтиев көчөсүндөгү жана "Ала-Тоо" комплексиндеги контейнерлерди жаңылап беришкен.

"Тазалык" ишканасы Бишкектеги калган үч райондун да таштанды челектерин иретке келтиргени айтылат.