Артык кылам деп... АКШда Кардашьянга окшошом деген келин 20 жолу операция жасатты

Америкалык келин сырткы келбетин жакшыртууга жарым миллион доллардан көп акча короткон.
Sputnik

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Лос-Анджелестин 27 жаштагы тургуну Женнифер Памплона АКШдагы белгилүү актриса Ким Кардашьянга окшошом деп 20 жолу пластикалык операция жасатып, жыйынтыгында таптакыр башкага түспөлдөш болуп калган. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

"Женнифер Памплона (Jennifer Pamplona) жамбашын, төшүн чоңойтуп, эки жолу мурдуна пластикалык операция жасаткан. Анын максаты — Кардашьянга окшошуу эле", — деп жазылат маалыматта.

Бирок акыркы косметикалык процедуранын жыйынтыгы аны шок кылган. Памплонанын эриндери ооруп, канай баштаган. Чыдабаганынан дарыгерлерге кайрылганда, ак халатчандар аллергиялык реакция болгонун айтышкан.

Чуулгандуу, сексуалдуу. Армян тектүү, 38 жаштагы Кардашьяндын башкача сүрөттөрү
"Сырткы келбетим толугу менен бузулду. Балык эрин болуп калдым. Эриндерим кемпирдикине окшоп бырышып, чоюлуп кетти", — деп жазган ал.

Instagram сулуусу мындан ары бул сыяктуу операцияларды жасатпай турганын белгилеген.

Америкалык атактуу теле алып баруучу, модель Ким Кардашьяндын фанаттары болуп көрбөгөндөй көп. Анын Instagram баракчасына 147 миллиондон ашык адам катталган.

ЖаңылыктарКоомДүйнөдөБасма сөзгө баяндамакелбетоперациясулуулукАКШ