КРдин футбол боюнча курамасынын оюнчусу Валерий Кичин үйлөндү. Сүрөт

Футболчу келинчеги менен түшкөн сүрөтүн Instagram баракчасына жарыялады.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Валерий Кичин үйлөндү. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясынан кабарлашты.

Анын жубайынын аты Алина. 26 жаштагы жарым коргоочу келинчеги менен түшкөн сүрөтүн Instagram баракчасына жарыялады.

Валерий Кичин карьерасын "Камбар-Ата" командасынан баштаган. Кийин Россиянын клубдарына өткөн. Учурда Минскинин "Динамо" командасында. Ал Кыргызстандын курама командасында 2011-жылдан тарта ойнойт.