Бишкек мэриясы 65 жыл бирге өмүр сүргөн жубайларды куттуктады. Сүрөт

Карпек ата менен Анипа апа 1954-жылы 6-сентябрда Фрунзе шаарынын Биринчи Май районундагы ЗАГСта никесин каттатышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Ленин районунун акими Токтосун Султанов Бишкек шаарынын жашоочулары Карпек Курманов менен Анипа Курманованы түтүн булатканына 65 жыл болушу менен куттуктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Алар 1954-жылы 6-сентябрда Фрунзе шаарынын Биринчи Май районундагы Жарандык никени каттоо бөлүмүнө кол кармашканын каттатышкан. Ошондон бери чогуу өмүр сүрүп келе жатышат.

"Курмановдордун үй-бүлөсүн дагы бир жолу куттуктап, чың ден соолук, бакыт жана тынчтык каалайбыз", — деп айтылат маалыматта.

Карпек Курманов  — КР Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, илимдин эмгек сиңирген ишмери, юридика илимдеринин доктору.