ШИИБ: Бишкекте эки киши Honda үлгүсүндөгү төрт унааны уурдаган. Сүрөт

Автоунаанын уурдалганы тууралуу алгачкы билдирүү 24-августта Октябрь РИИБине келип түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкек ШИИБ менен Октябрь РИИБдин ыкчам иликтөө кызматкерлери бир нече автоунаа уурдаган деген шек менен 30 жана 28 жаштагы кишилерди кармады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Автоунаанын уурдалганы тууралуу алгачкы билдирүү 24-августта Октябрь РИИБине келип түшкөн. Арыз жазган киши 24-августтун түнүндө белгисиз бирөөлөр 12-кичи райондогу үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны уурдап кеткенин айткан.

Бишкектеги криминалдуу райондор аталды. Инфографика
Дагы бир Honda Fit автоунаасы 30-августтун түнүндө Жаш Гвардия проспектисинин жээгинде токтоп турган жеринен уурдалган. Аталган проспектиден 2-сентябрдын түнүндө ушундай эле үлгүдөгү автоунаа жоголуп кеткен. Ал эми 4-сентябрда түндө Чапаев көчөсүнөн Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаа табылбай калган.

Аталган төрт факты тең Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси ("Автоунаа уурдоо") менен катталып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган. Ыкчам иликтөө иш-чарасы учурунда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү уурулукка шектүү катары эки кишини кармашкан. Алар Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.