Радио

Стоматолог пломба койгондон кийин тиш эмне себептен ооруй турганын айтты

Жалпы практикалык тиш доктур Бактыяр Бузурманов пломба койгондон кийин эмне себептен тиш ооруй турганын айтты.
Sputnik
Стоматолог пломба койгондон кийин тиш эмне себептен ооруй турганын айтты

Тишке пломба койгондон кийин тиш ооруса, мунун эки себеби бар. Бул тууралуу Бактыяр Бузурманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тиш пломба койгондон кийин организм көнгөнчө оорушу мүмкүн.

"Эгер пломба койгондон кийин тиш ооруса, биринчи себеби - организмдин реакциясы болушу мүмкүн. Пломбаны жаңы койгон маалда тиш көнгөнгө чейин ооруп, кийин бара-бара тиштин оорусу азаят. Экинчиден, дарыгер катачылык кетирген учурда тиш оорушу ыктымал. Мындай жагдайда тиш доктуруна кайрылып, аны кайрадан каратып, оңдотуп алууга болот", — деди стоматолог.

Бузурманов адамдын тиши оорубаса да стоматологго 6 айда бир жолу барып туруу керектигин кошумчалады.