Индияда 74 жаштагы кемпир эгиз төрөдү

Түгөйлөр 57 жылдан бери бала жытына зар болуп келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Индиянын Андхра-Прадеш штатынын 74 жаштагы тургуну Мангаямма ЭКО жолу менен боюна бүтүп, эгиз кыз төрөгөнүн Hindustan Times басылмасы жазды.

Жыл башынан бери калктын саны канчага өстү? Бала көп төрөлгөн аймактар
Дарыгердин айтымында, улгайып калган аял кесарево жолу менен төрөгөн.

74 жаштагы кемпирдин 80 жаштагы күйөөсү бар. Алар 1962-жылы баш кошуп, 57 жыл бою балалуу болууга аракет кылышканы менен жыйынтык болгон эмес. Акыры жасалма уруктандыруу ыкмасы менен гана тилектери орундалган.

Буга чейин Индияда кыз-эркеги билинбеген ымыркай төрөлгөнү кабарланган болчу.