Жээнбеков маркум спецназ Ниязбековдун үй-бүлөсүнө "Эрдик" медалын тапшырды

Ниязбеков 7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда окко учкан.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева, жубайы Назира Базарбаева, бир тууганы Асанбек Ниязбеков жана уулу Тимур Ниязбеков менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Президент 2019-жылдын 7-августундагы окуяларда курман болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Ниязбековдун жакындарына көңүл айтып, Үсөнбек бүт өмүрүн мекенге кызмат кылуу, жарандардын коопсуздугун жана өлкөдөгү тартипти камсыздоого арнаганын белгиледи.

Спецназ жоокери ага тиешелүү куралдан өлгөн эмес. ИИМдин билдирүүсү
Жээнбеков Ниязбековдун курман болушу анын үй-бүлөсү, жакындары гана эмес, мамлекет үчүн дагы чоң жоготуу экенин баса белгилеп, жакындарына "Эрдик" медалын тапшырды.

Ниязбековду аскердик милдетин аткаруудагы көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн "Эрдик" медалы менен сыйлоо (курман болгон соң) жөнүндөгү Жарлыгына президент 27-августта кол койгон.

Жоокер 7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда окко учкан.