Билими:
1988 — Скрябин атындагы агрардык институтунун аграном адистигин аяктаган;
1992 — Ташкенттеги СССРдин КГБсынын жогорку мектебинде билим алган;
1994 — Москвадагы Ю.Андропов атындагы СССР КГБсынын Кызыл туу институтун бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1988 – 1990 — Чүй районунда агроном;
1990 – 1991 — Чүй райкомунда Кыргыз ССР ЛКСМде кызмат кылган;
1991 — КР УКМК органдарында иштеген;
1993 – 2008 — УКМКнын тергөө башкармалыгынын кызматтарында иштеген;
2008 – 2011 — КР УКМКнын чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси;
2011 – 2014 — Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору;
2014 – 2015 — Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Астана шаарындагы расмий өкүлү;
Полковник аскерий наамы бар.
Сыйлыктары:
2006 — чалгындоо ишмердигинде сиңирген эмгеги үчүн "Даңк" медалы менен сыйланган;
2013 — чет мамлекетте кызматтык милдетин аткаруудагы эрдиги үчүн "Эрдик" медалын алган.
2015-жылдан тарта "Кыргызстан" саясий партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.
Үй-бүлөлүү.