Мамлекеттик эки агенттикке жаңы жетекчи дайындалды

Бүгүн жаңы түзүлгөн ведомствого жетекчи дайындалды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп “Витязь” мамлекеттик ишканасынын директору Мирслав Аманкулов дайындалды. Мындай буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Абылгазиев билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковду сунуштады
Ал бул ведомствону 2010-жылы жетектеп, бирок кызматтан кетирилген эле.

Агенттиктин буга чейинки жетекчиси Абдыкалык Рустамов июль айында пара алып жатып кармалган. Кийин ал УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган.
Өлкө башчынын дагы бир буйругу менен жаңы түзүлгөн Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп Каныбек Ботобаев дайындалды.

Буга чейин ал чек ара маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлү болчу.