Радио

Жусупбекова: 1500дөн ашуун мугалим чек арадагы айылдарга жөнөтүлдү

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жаш мугалимдерди колдоо максатында жаңы программа ишке киргендигин айтты.
Sputnik
Жусупбекова: 1500дөн ашуун мугалим чек арадагы айылдарга жөнөтүлдү

Педагогикалык окуу жайларды бюджеттик негизде аяктаган 1531 бүтүрүүчү алыскы айылдарга иштөөгө жиберилди. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаш педагогдор көбүнесе чек арага жакын жайгашкан айылдарга жөнөтүлдү.

"Окууну бюджеттик негизде аяктаган бүтүрүүчүлөр мугалим жетишпеген айылдарга барып үч жыл иштеп келүүгө милдеттендирилет. 2019-2020-окуу жылына карата да 1500дөн ашуун педагогикалык окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү чек арадагы айылдарга жиберилди. Министрлик жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүп, жаш педагогдорду социалдык жактан колдоого көмөк көрсөтүүгө чакырды. Ошондой эле быйыл чек арадагы айылдан келген абитуриенттер үчүн 165 гранттык орун берилди. Анын негизинде айыл өкмөттөрү менен келишим түздүк. Эми кайра айылыма кайтып келип иштейм деген жаштар бул гранттык орундан жетишпеген педагогикалык багыттарда окуп, бүтүргөн соң кичи мекениндеги мектепте иштей алат. Аларды өз кезегинде жергиликтүү бийлик да колдоого аракеттенет", — деди Жусупбекова.

Ал 30 пайызга көбөйтүлгөн айлык бул жаш мугалимдерге да тиешелүү экендигин, андан сырткары, эгер барган жери тоолуу район болбосо дагы кошумча төлөмдөр бекитилерин белгилеп өттү.