Кыргызстандын үч спортчусу эл аралык класстагы чебер наамына татыды

Ошондой эле 28 спортчу Кыргызстандын спорт чебери болду.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандын үч спортчусуна эл аралык класстагы чебер наамы берилди. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Нурбек Тойчубаев (паратриатлон), Марлис Дуулатбеков (тогуз коргоол) жана Айтурган Максатбек кызы (тогуз коргоол) "Кыргызстандын эл аралык класстагы спорт чебери" наамын алган.

Андан сырткары, 28 спортчуга "Кыргызстандын спорт чебери" наамы ыйгарылган. Алар:

  • Баяман Максатбек уулу, грек-рим күрөшү;
  • Салимжон Исаков, эркин күрөш;
  • Байсал Кубатов, эркин күрөш;
  • Алишер Сатыбалдиев, грек-рим күрөшү;
  • Улан Иманкулов, грек-рим күрөшү;
  • Нуртазим Керимберди уулу, грек-рим күрөшү;
  • Иманали Сагынали уулу, грек-рим күрөшү;
  • Ырыскелди Максатбек уулу, грек-рим күрөшү;
  • Рустом Бактыбек уулу, грек-рим күрөшү;
  • Бекмурза Абакулов, грек-рим күрөшү;
  • Нуртилек Төрөгулов, грек-рим күрөшү;
  • Заманбек Табакел уулу, грек-рим күрөшү;
  • Эламан Базарбек уулу, кыргыз күрөшү;
  • Асанкелди Нурказым уулу, кыргыз күрөшү;
  • Тыныстан Сүйүнбеков, кыргыз күрөшү;
  • Нурсултан Кеңешбеков, жеңил атлетика;
  • Ева Кадырова, жеңил атлетика;
  • Палмер Элизабет, сууда сүзүү;
  • Павел Эрматов, сууда сүзүү;
  • Алибек Эсенбаев, сууда сүзүү;
  • Тумар Касмалиева, ок атуу;
  • Александр Московцев, оор атлетика;
  • Курванжан Кочкаров, оор атлетика;
  • Бексултан Жолдосалиев, оор атлетика;
  • Амантур Мунур уулу, эр эңиш;
  • Алина Худоиева, көркөм гимнастика;
  • Вера Ким, көркөм гимнастика;
  • Айпери Кушалиева, көркөм гимнастика.