КРге аткезчилик менен киргизилген 20 млн. сомдук кальян тамекилери табылды

Мыйзамсыз товар "Дордой" базарындагы кампалардын биринен табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстандын бажы кызматкерлери аткезчилик жол менен ташылып келген 20 миллион сомдук кальян тамекилерин тапты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Мыйзамсыз товар 5-сентябрь күнү саат 19.00дөр чамасында "Дордой" базарындагы кампалардын биринен табылган. 

КРге аткезчилик менен киргизилген 20 млн. сомдук кальян тамекилери табылды

"Салмагы 11,2 килограммдык Serbetli жана 1,2 килограммдык Fumari үлгүсүндөгү тамекилер алынды. Соода өнөр жай палатасынын берген корутундусуна ылайык, товардын орточо базар баасы 19 663 200 сомду түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.