Аманбай Кайыпов башка кызматка дайындалды

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Аманбай Кайыпов Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аманбай Кайыпов буга чейин өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү болчу. Ал кечээ, 5-сентябрда, иштен кетүү боюнча арызын жазган.