Эки кишини аёосуз сабагандар Кыргызстандан качууга аракет жасашты

Учурда жети ыкчам топ түзүлүп, Бишкек шаары менен облустарда иштеп жатышат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкекте кишилерди мыкаачылык менен сабады делген шектүүлөр Кыргызстандан качып кетүүгө аракет жасашкан. Бул тууралуу шаардык милициянын жетекчиси Канат Жумагазиев билдирди.

Анын айтымында, учурда шектүүлөр өлкө аймагында.

"Алар чек арадан чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Бирок максатына жеткен эмес. Тергөө жүрүп жаткандыктан толук маалымат бере албайм. Мушташ болгон күнү шектүүлөр өздөрү сабалгандыгы тууралуу арыз жазышкан", — деди Жумагазиев.

Учурда жети ыкчам топ түзүлүп, Бишкек шаары менен облустарда иштеп жатышат.

Бишкекте мыкаачылык менен сабалгандардын туугандары митингге чыкты
Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

Адамдарды сабоо фактысы боюнча Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен Сеитбеков Калысбек Сеитбекович изделип жатат. Ички иштер органдарынан билдиришкендей, милициянын майору Казыбек Бапышев иштен алынды. Ал шектүүлөрдүн биринин агасы экени белгилүү болуп, учурда кылмышиши козголду. Мындан сырткары, милициянын эки кызматкери иштен алынып, дагы экөө катуу сөгүш алган.