Бүгүнкү күндө Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунун курулушу 40 пайызга аяктады. Бул тууралуу Замир Искаков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган жолдун курулушу үч фазадан туруп, азыркы тапта биринчи жана экинчи баскычтагы иштердин 70-80 пайызы бүткөрүлдү. Ал эми үчүнчү фазадагы курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
"Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолунун жалпы узундугу 433 чакырым. Ал Балыкчыдан Жалал-Абад калаасына чейин мерчемделген. Курулуш иштери 2014-жылы башталган. Бул баскычтагы жолдун узундугу Казарман айылынан тарта Жалал-Абад шаарына чейин созулат. Анын аралыгы 142 чакырым. Жолдун бул бөлүгүндө туннель куруу иштери жүрүп жатат. Ал эми Кызыл-Жылдыз айылынан Арал кыштагына чейинки 12 чакырым жол 2016-жылы толук бүткөрүлүп, азыркы тапта ишке берилди. Экинчи фазадагы иштер 2015-жылы старт алган. Анын узундугу 99 чакырым. Ал Арал кыштагынан Казарман айылына чейин созулуп, бул бөлүктө эки эстакадалык көпүрө курулууда. Үчүнчү фазадагы иштер учурда кызуу жүрүп жатат. Бул баскычтын алкагында мурун колдонулуп жургөн жол реконструкцияланат. Анын аралыгы 230 чакырым. Акыркы фазадагы иштер жол салууга салыштырмалуу кыйла жеңил. Ошол себептен тез эле аяктайт деген үмүт бар", — деди Искаков.
Ошондой эле ал Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолун келечекте дагы узартып, Бишкек — Ош жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолдорун байланыштыруу пландары бар экенин да кошумчалады.