Гемодиализ, мейманкана, жол... Мамлекет жеке өнөктөш менен ишке ашырчу долбоорлор

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк — бул мамлекет жана жеке уюмдун ортосундагы келишим. Мында жеке өнөктөш мамлекеттик функцияларды аткарат. Тагыраагы, кызмат көрсөтүүнүн эң мыкты ыкмаларын иштеп чыгат.
Sputnik

Ушул тапта Кыргызстанда 20га жакын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) тартибиндеги долбоор бар. Алардын басымдуу бөлүгү ишке ашырууга дайындоо стадиясында турганын Экономика министрлигинен билдиришти.

ЕАЭБ өлкөлөрү мигранттарга пенсия төлөй баштайт. Жол-жобосу кандай болот
МЖӨ — бул мамлекет жана жеке уюмдун ортосунда узак мөөнөткө (50 жылга чейин) түзүлгөн келишим. Мында жеке өнөктөш мамлекеттик функцияларды аткарат. Мисалы, инфраструктураны жакшыртат, кызмат көрсөтүүнүн эң мыкты ыкмаларын иштеп чыгат. Бирок мында жеке өнөктөш дагы тобокелдикке барат, эгерде долбоор сапатсыз болуп калса, бул анын түздөн-түз кирешесине таасир этет.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары өкмөт ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеке тараптарды кызматташууга тартып келе жатат. Мисалы, Бишкек мэриясы МЖӨ тартибинде 10 бала бакча курганы турат. Ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги акы төлөп жүрө турган кылабыз деп сунуштап жаткан Бишкектин четиндеги айланма жолго маалыматтык система киргизүүдө дагы жеке өнөктөш менен иштерин айтууда.

"Акыркы төрт жылдан бери кыргыз өкмөтү МЖӨ механизмдерин колдонуп, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасап жатат. Дүйнөлүк практикага таянсак, МЖӨ инвестициялык долбоорлордун үзүрүн көрүүнүн эң эффективдүү жолу экенин байкоого болот. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө бюджеттик каражаттарды орундуу колдонууга шарт түзөт", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Мындан улам Sputnik агенттиги учурда иштеп жана ишке кирүү стадиясында турган долбоорлорду тизмектеп көрдү.

Ишке ашырылып жаткандары:

— "Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына гемодиализ кызматтарын уюштуруу" — КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Германиянын Fresenius Medical Care ишканасы ишке ашырууда. Жеке өнөктөш тарабынан Жалал-Абад облусуна, Бишкек жана Ош шаарларында гемодиализ кызматын көрсөткөн борборлор ачылган.

Максаты — гемодиализ бөлүмдөрүн ачуу менен медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу.
Баасы — 10 миллион евро.

Ишке ашуу алдында тургандар:

50 жылдык тарыхы бар араб компаниясы Кыргызстанга инвестиция салууга даяр
— Бишкектеги "Кызыл Кыргызстан" кинотеатрын модернизациялоо" — Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен "Бурана Грант" (Кыргызстан) ишканасы. Кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган.

Максаты — "Кызыл Кыргызстан" кинотеатрын ишке киргизүү.
Жалпы баасы — 30 миллион доллар. Анын ичинен 300 миң доллары МЖӨ аркылуу бөлүнөт.

— "Коомдук транспортту электрондук билетке өткөрүү" — Бишкек шаардык мэриясы ишке ашырат. Жеке өнөктөш тандоо боюнча тендер өткөрүлүп, келишимге кол коюлган.

Максаты — Бишкек шаарынын коомдук транспортун электрондук билет системасына өткөрүү.
Баасы — 2 миллион доллар.

Жеке өнөктөш тандоо стадиясында тургандар:

— "Ысык-Көл" мейманкана-соода комплексин реконструкциялоо" — жоопкер орган КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгы.

Максаты — мамлекеттик иш сапар менен келген кадырлуу конокторду жайгаштырууга ыңгайлуу эл аралык класстагы мейманканага айландыруу.
Баасы — 42 миллион доллар.

Жеке өнөктөш тандоо стадиясындагы долбоорлор:

— "Кыргызстандагы ооруканаларга компьютердик томография коюу" — Саламаттыкты сактоо министрлиги ишке ашырат. Тендер өткөрүү боюнча документтер дайындалып жатат.

Максаты — медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу.
Баасы — 4,5 миллион доллар.

— "Норус" тоо-лыжа базасын реконструкциялоо" — КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгы ишке ашырат. 2019-жылдын 4-кварталында тендер өткөрүлөт.

Максаты — туризмди өнүктүрүү.
Баасы — 18 миллион доллар.

— "Бишкек шаарындагы оорукана жана бейтапканалар үчүн борбордук лаборатория уюштуруу" — Саламаттыкты сактоо министрлигинин мойнунда. Тендер 2020-жылга пландалган.

Максаты — борборлоштурулган лаборатория ачуу менен кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу.
Баасы — 7 миллион евро.

Эми мамлекеттик кызматкерлер салыктарды жумушунда отуруп төлөй алат
— "Бишкек шаарында жол жээктерине муниципалдык унаа токтотуучу жай уюштуруу" — аткаруучу Бишкек мэриясы. Долбоор боюнча техникалык-экономикалык негиздеме дайындалган. Бирок тиешелүү ведомстволор аны кайра иштеп чыгууну сунуштаган.

Максаты — муниципалдык унаа токтотмолорду куруп, акы төлөп колдонуу системасын киргизүү.
Баасы — 3 миллион даллар.

—"Бишкек шаарына 10 бала бакча куруу" — Бишкек мэриясы ишке ашырат. Долбоордун баасын төмөндөтүү маселеси каралууда.

Максаты — мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жакшыртуу.
Баасы — 15 миллион доллар.

— "Бишкектеги коомдук транспорттун абалын жакшыртуу" — Бишкек мэриясына тиешелүү. Долбоор боюнча техникалык-экономикалык негиздеме дайындалган. Бирок тиешелүү ведомстволор аны кайра иштеп чыгууну сунуштаган.

Максаты — бустарды автобустарга алмаштыруу.
Баасы — 34 миллион доллар.

— "Ат-Башы районуна бажы-логистика комплексин куруу" — Мамлекеттик бажы кызматынын долбоору. Техникалык-экономикалык негиздеме дайындалган.

Максаты — бажы каттоосу жана көзөмөлү боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу.
Баасы — 9 миллион доллар.

— "Ош облусунун Өзгөн шаарын айланып өтчү жол куруу" — Транспорт жана жолдор министрлиги ишке ашырат. Министрлик менен ведомстволор каржылоону токтотуп койгондон кийин техникалык-экономикалык негиздемени дайындоо үзгүлтүккө учурап калды.

Максаты — Өзгөн шаарын аралап өтчү Бишкек — Ош унаа жолун альтернативдүү жол менен камсыздоо.
Баасы — 16 миллион доллар.

— "Реабилитациялык борбор куруу" — жоопкер тарап Саламаттыкты сактоо министрлиги. 2019-жылдын жайында техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу пландалган.

Максаты — медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу.
Баасы — 12,5 миллон доллар.

— "КММАнын алдында иштөөчү оорукана куруу жана ишке киргизүү" — Саламаттыкты сактоо министрлиги. Корея Республикасынан консультанттар менен бирге техникалык-экономикалык негиздеме дайындалган.
Баасы — 80 миллион доллар.

Учактагы ымыркайдын өлүмү. Самолетко кандай оору менен ооругандар түшө албайт
— "Эдельвейс" спорттук-туристтик базасын куруу" — Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке тиешелүү долбоор. Тиешелүү документтер Байкоочу кеңештин кароосунан өтүп, жактырылган. Техникалык-экономикалык негиздеме даярдоо үчүн акча бөлүү маселеси каралган.

Максаты — профессионалдык спортту жана экотуризмди өнүктүрүү.
Баасы — 5,8 миллион доллар.

— "Кыргызстан боюнча 20 мектеп куруу" — Билим берүү жана илим министрлигинин мойнунда. Техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып жатат.

Максаты — мектеп тартыштыгын жоюу.
Баасы — 30 миллион доллар.

Булардан тышкары, демилгелөө алдында турган Кыргызстандагы аэропортторду модернизациялоо, Бишкектин четиндеги Боз-Бөлтөк тоосуна этношаарча куруу, "Кыргызавтобекети" ишканасын комплекстүү өнүктүрүү сыяктуу бир нече долбоор бар. Булар боюнча керектүү документтер даярдалып, тиешелүү органдардын кароосуна жөнөтүлгөн.