БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстан учурда Россия, Кытай, Түркия, Индия сыяктуу мамлекеттер менен аскердик жактан кызматташат. Бул тууралуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынан билдиришти.
Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган ведомствого "Кыргызстанга кайсы чет өлкөлөр аскердик-техникалык жардам берет" деген суроо менен кайрылган.
Редакцияга келген маалыматка таянсак, жогорудагы өлкөлөрдөн кызматташтыктын алкагында атайын техникалар келип турат.
"Жардам иретинде авиациялык, авто жана сооттолгон техника, курал-жарак, байланыш каражаттары, талаа шартында колдонулчу медициналык жана инженердик жабдуулар келет. Чет элдик өнөктөштөр жабдууларды берүүдө Кыргызстандын талаптарын ар дайым эске алгандыктан, аларды керектөө боюнча көйгөй жаралбайт", — деп айтылат жоопто.
Быйылкы жылы ошол эле стратегиялык өнөктөшүбүздөн эки ирет жардам келди. Алгач жыл башында Россия Кыргызстанга 125 атайын аскердик техника берсе, апрель айында штабга МИ-8МТ үлгүсүндөгү эки тик учак менен сооттолгон тогуз аскер машинасын жөнөттү.