Кыргыз спортчулары Кореядагы мелдеште тогуз медалга ээ болду

Мелдештин программасы боюнча мушкерлер спорттун 18 түрү боюнча күч сынашты.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. 30-августтан 6-сентябрга чейин Түштүк Кореяда өтүп жаткан жоокердик өнөр боюнча дүйнөлүк оюндарда кыргызстандык мушкерлер мыкты көрсөткүчкө жетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчилигинен кабарлашты.

Кыргызстандын курама командасын элчилик куттуктады. Элчи Динара Кемелова мелдештин катышуучуларынын духун, чечкиндүүлүгүн баса белгилеп, спорт чеберлери жетишкендиктери менен Кыргызстандын атын чыгарып, даңазалап жатканына ыраазычылык билдирди.

Жеңишке жеткендер:

— Нагира Сарбашова — эки алтын медаль (салмагы 65 килограмм);

— Мадаминбек Шаршеналы — алтын медаль (80 килограмм);

— Мирлан Эралиев — алтын медаль (70 килограммга чейин);

— Нурзат Бактыяр кызы — күмүш медаль (65 килограмм);

— Камолиддин Абдурахимов — күмүш медаль (80 килограммдан жогору);

— Элзада Момунжанова — коло медаль (55 килограмм);

— Элдияр Сексенбаев — эки коло медаль (70 килограмм).

Мелдештин программасы бонча мушкерлер спорттун 18 түрү боюнча күч сынашты.