Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов иштен кетүү боюнча арыз жазды

Кайыпов аталган кызматка 2013-жылы 3-декабрда дайындалган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматынан кетүү боюнча арыз жазганын өкүлчүлүктүн маалымат кызматы тастыктады.

Белгилей кетсек, 4-сентябрда социалдык тармактарда Кайыповдун иштен кеткени боюнча кептер тараган. Бирок ал өзү да, өкмөттүн маалымат кызматы да билдирүүлөрдү четке каккан. Арыздын азырынча кабыл алынып-алынбаганы белгисиз.

Кайыпов аталган кызматка 2013-жылы 3-декабрда дайындалган.