Радио

Дайырбеков: "Эң мыкты кино долбоор" сынагы тасмаларды кабыл алууну улантат

Кыргызстандын Кинематографисттер союзунун төрагасы жана режиссер Айбек Дайырбеков бүгүнкү күнгө чейин аталган сынакка 10 тасма келип түшкөнүн айтты.
Sputnik
Дайырбеков: "Эң мыкты кино долбоор" сынагы тасмаларды кабыл алууну улантат

Кинематография департаментинин эксперттик комиссиясы "Эң мыкты кино долбоор" сынагын кыска метраждуу тасмалар үчүн улантууну чечти. Бул тууралуу Айбек Дайырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, толук метраждуу тасмалар үчүн долбоорлорду кабыл алуу токтотулду.

"Буга чейин сынакка 10 тасма келип түштү. Учурда толук метраждуу тасмалардын долбоорун кабыл алуу токтотулду. Ал эми кыска метраждуу тасмаларды кабыл алуу дагы деле уланып жатат. Максаты — кино дүйнөсүнө жаңыдан аралашып, алгачкы тасмаларын тартып баштагандарга колдоо көрсөтүү. Катышуучулардын жашы боюнча чектөө жок. Каалоочулар долбоорго тасманын сценарийин, синопсисин жана бюджетин так жазып, маалыматтарды толук камтышы керек", — деди Дайырбеков.

Ал өзүнүн дебюттук тасмасын 150 долларга тартканын кошумчалады.