Солтон-Сарыдагы кытай компаниясынын лицензиясын карап чыгуу сунушталды

Эл өкүлү кендин казылышына каршы чыккандар укук коргоо органдары тарабынан куугунтукталып жатканына токтотулду.
Sputnik

 

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу Солтон-Сарыдагы кенди иштетип жаткан кытай компаниясынын лицензиясын кайрадан карап чыгууну парламенттин жалпы жыйынында сунуштады.

Ал жакында эле Солтон-Сарыга барып, эл менен жолугуп келгенин, алардын көтөргөн сунуштары жүйөлүү экенин белгиледи.

"Өзүңөр акчаны кымтып коюп, элге пайдасы тийбеген кендин бизге кереги жок деген элди укук коргоо органдары куугунтуктап жатыптыр. Ошол жактагы кишилерди куугунтуктаганды токтоткула. Эл менен ийри отуруп түз сүйлөшүү керек. Ал жак тоолуу регион. Мал-жандык менен оокат кылган адамдардын жайлоосун жардырып, экологиялык катастрофага айланып жатат. Андыктан лицензияны кайрадан карап чыгууну сунуштайт элем. Кумтөрдүн келишимин канча жолу өзгөрттүк. Ошол сыяктуу маселени жергиликтүү элдин пайдасына чечүү керек", — деди Жунус уулу.

Кыргызстандын кайсы аймагы алтынга бай. Карта
Белгилей кетсек, 2019-жылы 5-август күнү Солтон-Сары кенин иштеткен Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган. Натыйжада чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалап барган. 6-августта биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган бир катар аткаминерлер Нарын облусуна барып, ошол аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугуп, чырлашкан эки тараптын тең жүйөсүн уккан.

Ошол эле күнү кечинде Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, кыргыз өкмөтүнө бир катар талаптарды койгон да, компания бир айга чейин ишин убактылуу токтоткон.

8-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Солтон-Сарыдагы чыр эмнеден келип чыкканын айтып берген.