Бишкекте мыкаачылык менен сабалгандардын туугандары митингге чыкты

Сабалган кишилердин туугандары тергөө акыйкаттуу жүрсүн деп талап коюшууда.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бишкекте мыкаачылык менен сабалган кишилердин туугандары Жогорку Кеңештин имаратынын алдына митингге чыгышты.

Алар бир жумадан бери шектүүлөрдүн табылбай жатканына нааразы болушууда.

Акцияга катышып жаткандардын бири "беш киши шектүүлөрдү оңой эле таап аларын" айтууда, бирок туугандары бардыгы мыйзамдын чегинде болушун каалап жатышат. Митингчилер Ички иштер министрлиги резонанстуу ишке кайдыгер болуп жатканын белгилешти. Акцияга катышып жаткандардын арасында жабырлануучулардын аймактардан келген туугандары дагы бар.

Жалал-Абадда май куюучу жайдын кызматкери сабалды. Милиционер шектелүүдө
Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

Адамдарды сабоо фактысы боюнча Бапышев Жаныбек Сеитбекович менен Сеитбеков Калысбек Сеитбекович изделип жатат. Ички иштер органынан милициянын майору Казыбек Бапышев иштен алынды. Ал шектүүлөрдүн биринин агасы экени белгилүү болуп, учурда кылмыш иши козголду. Мындан сырткары, милициянын эки кызматкери иштен алынып, дагы экөө катуу сөгүш алган.