Жумага карата аба ырайы

6-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт.
Sputnik

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. 6-сентябрь, жума күнү, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткендин кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Окумуштуулар сентябрдын этегинде магниттик бороон болорун эскертти
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +18…+23, Таласта +15…+20, Нарында +17…+22, Ысык-Көлдө +16…+21, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +20…+25 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +21...+23 градуска чейин көтөрүлсө, Ош калаасында күн ачык болуп абанын температурасы +22…+24 градуска жетет.