Радио

Бузурманов: тиш щеткасын үч ай сайын алмаштырып туруу керек

Жалпы практикалык тиш доктур Бактыяр Бузурманов тишке кантип туура кам көрүү керектигин айтты.
Sputnik
Бузурманов: тиш щеткасын үч ай сайын алмаштырып туруу керек

Тишти дарылоого жеткирбеш үчүн анын сезимталдыгына жараша щетканы, паста жана антибактериалдык ооз чайкоочу суюктукту пайдалануу зарыл. Бул тууралуу Бактыяр Бузурманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө жатардын алдында тишти тазалабай коюу кариеске алып келет.

"Тиш щеткасын үч ай сайын алмаштырып турган оң. Себеби ал убакта щетка эскирип, мурдагыдай жакшы тазалабай калат. Тишти эле эмес, ооз көңдөйүн, тилди да тазалоо маанилүү. Андан сырткары, атайын тиш тазалоочу жиптер менен жумасына эки жолу араларын тазалап туруу керек. Ал эми газдалган, айрыкча, күч-кубат берүүчү суусундуктар тиштин сырткы катмарын тез бузат", — деди Бузурманов.

Стоматолог мыкты тиш доктурду консультациясына жана ал тууралуу айтылган пикирлерге жараша тандаса болорун кошумчалады.