Министрлик Кой-Ташта башына таш тийген Самат Курманкуловдун абалын айтты

Курманкулов эртең, 5-сентябрда, жалпы палатага которулат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кой-Таштагы операция учурунда башына таш тийген Чүй облустук милициясынын мурдагы башчысы Самат Курманкуловдун абалы жакшырууда, бирок толугу менен өзүнө келе элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Курманкулов учурда Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборунда дарыланып жатат.

"Ал өз алдынча дем алып калды. Сезүү органдары иштей баштады, бирок толугу менен өзүнө келе элек. Учурда жандандыруу бөлүмүндө. Эртең, 5-сентябрда, жалпы палатага которуу пландалууда. Ошондой эле жакынкы күндөрү Москвадагы ден соолукту калыбына келтирүүчү борборго жаткыруу дагы ойлонуштурулуп жатат. Бул боюнча эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таш айылынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка алып келүү боюнча жүргөн атайын операция маалында башына таш тийип, оор жаракат алган болчу. Комага түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москвага алып кетишкен.