Экс-министр өкмөттүн Жогоку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Абытов буга чейин өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Алмасбек Абытов өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков бүгүнкү, 4-сентябрдагы, жыйында айтты. 

Экс-министр өкмөттүн Жогоку Кеңештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Ал буга чейин өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Курсан Асановдун ордуна жаңы орун басар дайындалды
Спикер Жумабеков Абытов буга чейин бир топ маанилүү жана жоопкерчиликтүү иштерди аркалап келгенине токтолду. Анын айтымында, Абытов техникалык илимдердин кандидаты.

Эмгек жолун Улуттук илимдер академиясында инженер болуп баштаган. Жогорку Кеңештин аппаратынын ар кандай түзүмдөрүн жетектеген. Учурунда эмгек, иш менен камсыздоо жана миграция министри болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган.