Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева иштен алынды

Министр иштен кетүү боюнча арыз жазганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева ээлеген кызматынан алынды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Маалыматта Кудайбердиева өзүнүн арызынын негизинде иштен кеткени айтылат. Анын милдетин министрликтин статс-катчысы Жапаркул Ташиев аткармай болду. 

Экс-министр тууралуу 7 фактыны Sputnik агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар. 

Белгилей кетсек, Кудайбердиева министрлик кызматка 2016-жылы дайындалган.