Футбол күйөрманы трибунадан кулап, кыздын үстүнө түштү. Видео

Футбол көрүп жаткан жигит коопсуздук эрежелерин эстен чыгарып тосмодон ашып түшкөн. Анын кулаганы видеого тартылып калган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бразилияда футбол көрүп отурган 23 жаштагы жигит трибунадан кулап, биринчи кабаттагы өспүрүм кыздын үстүнө түштү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Кадрдан эл оюнчуларды сүрөп, кол чаап жатканда үчүнчү кабаттагы трибунадан бир адам учуп түшкөнүн көрүүгө болот.

Окуя коопсуздук эрежелеринин сакталбаганынын кесепетинен болгону айтылат. Футбол күйөрманы тосмонун үстүнө чыга калып кокусунан тайып жыгылган. Анын сан сөөгү сынып, ооруканага жеткирилген. Ал эми кыз оор жаракат алган эмес.