17 жыл бою чипсы жеп жашаган баланын көзү көрбөй калды. Англиядагы окуя

Бристоль шаарынын тургуну таптакыр жер-жемиш жана жашылча жебей жүргөнү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кичине кезинен бери жалаң чипсы, нан жана колбаса жеп чоңойгон баланын 19 жашка чыкканда витаминдердин жетишсиздигинен улам көзү көрбөй калды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Бристоль (Англия) шаарынын тургуну 17 жылдан бери таптакыр жер-жемиш жана жашылча жебей жүргөнү айтылат. Анын күнү бир пачка чипсы, куурулган колбаса жана нан менен өтчү.

"14 жаштан баштап өспүрүмдүн көзүнүн көрүүсү акырындан начарлай баштаган. Өзүнүн айтымында, начар көрүп жатканын айтып даттанса, апасы маани берген эмес. Ошентип ал мектепти бүтүп, колледжге IT-адистиги боюнча тапшырган. Бирок көзү таптакыр көрбөй калгандыктан окуудан чыгууга туура келди", — деп жазылат макалада.

Дарыгерлер жаш жигитти кароодон өткөргөн соң, организминде эң керектүү B12, D витаминдери жана жез заты ири көлөмдө жетишпей турганы аныкталган. Мындан улам мээнин көрүүгө жооп берген бөлүктөрү ордуна келгис болуп жабыркаган.

Учурда баланын апасы жумушун таштап, азиз болуп калган уулун күн кечке карап жатканы айтылат.