Юстиция министрлигинде иштегиңиз келеби? Бош орундардын тизмеси

Документтерди кабыл алуу 16-сентябрга чейин жүрөт.
Sputnik

 

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Юстиция министрлиги мекемедеги бош орундардын тизмесин жарыялады.

Милицияда иштегиң келеби? Кайгуул кызматы башкармалыгында бош орун бар
Ага ылайык, борбордук аппаратта, Чүй-Бишкек башкармалыгында, Жалал-Абад, Талас жана Нарындагы башкармалыктарында вакансия бар.

Тактап айтканда, борбордук аппаратка маалымат катчысы үчүн бир орун бар. Андан тышкары, борбордук аппарат ички аудиторго (башкы адис) муктаж.

Документтерди кабыл алуу 16-сентябрга чейин жүрөт. Аны Бишкек шаары, Жаш Гвардия проспектиси, 32 дарегине жөнөтүү керек.

Бош орундар тууралуу толук маалыматты Юстиция министрлигинин сайтынан алсаңыз болот.