Кишилерди чала жан кылып сабагандарды алып кеткен милиционер ким

Шектүүлөрдү алып кеткен милиционер буга чейин сот жоопкерчилигине тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкек шаарындагы супермаркеттердин жанынан кишилерди катуу сабаган шектүүнү алып кеткен милиционер Казыбек Бапышевге карата кызматтык тергөө башталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Казыбек Бапышев ИИББдин аймактагы криминалдык милиция кызматында иштейт. Маалымат кызматы кызматтык териштирүү аяктаганга чейин анын аракетине эч кандай комментарий берилбей турганын кабарлады.

Экөөнүн тең абалы оор. Министрлик Бишкекте сабалгандар боюнча маалымат берди
Ал буга чейин башка төрт киши менен чогуу 2013-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 305 ("Кызмат абалынан пайдалануу") жана 325-беренелери ("Көрсөтмө берүүгө мажбурлоо") боюнча сот жоопкерчилигине тартылган. Кылмыш иши эмне менен аяктаганы белгисиз. Алардын аракеттеринен үч киши жабыркаган.

Ал эми 2013-жылы Бапышев КР ИИМдин чемпионатында 100 килограммдан ашык салмак категориясында кыргыз күрөшү боюнча үчүнчү орунду алган. Анда ал 500 сом, диплом жана медаль менен сыйланган.

Буга чейин Чүй облустук ИИББдин кызматкери Бишкекте кишилерди чала жан кылып сабагандарды кылмыш болгон жерден алып кеткени кабарланган.

Ленин райондук прокуратурасы 28-августта саат 7:00дөр чамасында Жал кичи районундагу супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы боюнча билдирүү түшкөнүн маалымдады.

Окуя болгон жерге №479 экипаж чыгып кеткен. Алардын катарында милициянын Патрулдук-кайгуул кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери болгон.

"Андан сырткары, окуя болгон жерге Чүй ОИИБдин Б.К. аттуу кызматкери да келген. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, шектүү Б.Ж. менен С.К. аттуу жарандарды кылмыш болгон жерден алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Эркек кишинин катуу сабалып жаткан видеосу тарады. Бишкектеги окуя
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 348-беренелери ("Кылмышты жашыруу") боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Социалдык тармактарда мушташтын видеосу да тарады.

1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович издөөгө алынды.