Кайра-кайра карагың келет! Көл-Төр менен Кегетинин асмандан көрүнүшү

Көл-Төр көлүнө баруу үчүн Кегети капчыгайын аралап өтүү керек. Ал Бишкектен 90 чакырым алыстыкта жайгашкан. Тоо койнундагы көлгө бара жаткан жолду өлкөбүздүн кереметтүү жаратылышын дрон менен видеого тартып жүргөн кыргызстандык өзүнүн YouТube каналына жүктөдү.
Sputnik

"Көл-Төр көлүнүн өзгөчө көркү, Кегетинин сулуулугу көз жоосун алат", - деп жазылат "Между прочим" YouТube каналында.

Автор жолдогу калың токойдо тоо карагат, бөрү карагат, малина, ит мурун сыяктуу жемиштер өсөрүн айтат.