БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. 7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Комиссиянын төрагасы вице-премьер Жеңиш Разаков комиссия мүчөлөрү болуп өткөн окуянын бардык жагдайларын объективдүү жана калыс иликтеп чыгып, бир ай ичинде Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдай турганын айтты.
Жыйында комиссиянын катчылыгы түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов, өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, коомдук ишмерлер Кубатбек Кожоналиев жана Алишер Мамасалиев кирди.
Кой-Таштагы окуя
7-августта УКМК Кой-Ташта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүп, ал максатына жетпей калган. Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Бир жоокер каза таап, 140ка чукул адам ар кандай жаракат алган. Эртеси операцияны ИИМ жүргүзүп, ички иштер министринин ошол кездеги орун басары Курсан Асановдун жүргүзгөн сүйлөшүүсүнөн кийин Атамбаев багынып берген.
Мурунку президент ушу тапта УКМКнын тергөө абагында.