Кочкордо ишкерлердин көмөгү менен курулган мектепти төрага барып ачты. Сүрөт

Билим уясы 280 орунга ылайыкташып, заманбап талаптарга жооп берет.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кочкор районунун Мантыш айылында Таалайбек Курткаев атындагы орто мектептин жаңы курулган имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мектеп "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун жана аталган окуу мекемесине аты берилген Таалайбек Курткаевдин үй-бүлөсүнүн көмөгү менен курулган. Билим уясы 280 орунга ылайыкташып, заманбап талаптарга жооп берет. Учурда жайкы спорттук комплекси да салынууда.

Ачылышында сөз сүйлөгөн Жумабеков билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө көрсөтүлгөн көмөк, өлкөнүн жаркын келечегине карата жасалган эң мыкты инвестиция экенин баса белгиледи. Ошондой эле мектепке алты компьютер белек кылды.

"Мектепке белгилүү ишмердин аты берилгени кубанычтуу саамалык. Анткени жакындан тааныган адам катары анын өлкөсүнө болгон сүйүүсүнө, эмгекчилдигине суктанчумун. Таалайбек Курткаевдин бирден-бир көздөгөн максаты - өз кичи мекенин өнүктүрүп, социалдык көйгөйлөрүн чечүү эле. Бүгүн ишке берилип жаткан мектеп да ошол коюлган максаттардын үзүрү деп билем. Андыктан, ушул заманбап мектептен жаш мекендештерибиз татыктуу таалим-тарбия алып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошот деген ишеничтемин", — деди төрага.

Ачылыш аземи бүгүн, 3-сентябрда болуп, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов жана башка коомдук ишмерлер катышкан.