Радио

Курманов: кат аркылуу баарлашуунун да өз эрежеси бар

Коммерциялык банктардын биринин маалыматтык коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сейтек Курманов кат аркылуу баарлашуу этикасын сактоого чакырды.
Sputnik
Курманов: кат аркылуу баарлашуунун да өз эрежеси бар

Учурда өзгөчө социалдык тармактарда кат алышканда жазуу, баарлашуу эрежелери сакталбай келет. Бул туура эмес. Мындай пикирин Сейтек Курманов Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, кат жазууда адамдар чоң тамга, илеп белгини ашкере колдонсо, окуп жаткан адам кыйкырып жаткандай кабыл алат. Бул психологдор тарабынан да аныкталган.

"Социалдык тармактарда баарлашасызбы, форумда суроо бересизби же электрондук почта аркылуу кат жазасызбы, этикет боюнча бардык учурда саламдашууңуз зарыл. Реалдуу турмушта адам сырткы көрүнүшү боюнча бааланат, ал эми виртуалдуу дүйнөдө жазганыңыз сизди мүнөздөйт. Ар дайым адамдын атынан атоо жакшы жыйынтыгын берет. Кишини ысымынан чакыруу менен сиз ага индивидуалдуу мамиле жасап жатканыңызды көрсөтөсүз. Оюңузду кыска, так билдирип көнүңүз. Ошондой эле грамматикалык, синтаксистик каталарга көңүл буруңуз. Баарлашууда экинчи тараптын убактысын көп албаганга аракеттениңиз. Реалдуу аңгемелешүүдөй эле соңунда коштошуңуз", — деди Курманов.

Адис талапка ылайык келбеген сөздөрдү колдонуу, ашыкча кыскартып жазуу да адепсиздиктин белгиси экенин кошумчалады.