Табылды Эгембердиевдин элесине арналган жаа атуу боюнча мелдеш өтөт

Аталган мелдеш эки жылда бир уюштурулуп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Борбор калаада жаа атуу боюнча II эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара коомдук ишмер Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналат. Мелдеш 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин уланат.

"Анда Азербайжан, Бангладеш, Бириккен араб эмираттары, Грузия, Казакстан, Кувейт, Россия, Өзбекстан, Судан жана Тажикстандан келген жаачылар күч сынашат. Кыргызстандан 10 жаачы катышат", — деп жазылат маалыматта.

Табылды Эгембердиевдин элесине арналган жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш эки жылда бир уюштурулуп турат.

Мыкты жаачылар 6-сентябрь күнү саат 10:00дөн 13:00гө чейин "Дордой" футбол комплексинде аныкталат.