Мыкаачылык менен сабалган эркектер. Милиционерлердин аракети видеодо

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери машинадан түшүп, шектүүлөр менен учурашып, ээн-эркин сүйлөшүп жатканы видеого тартылып калган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. "Короче" Телеграмм-каналына Бишкекте мушташ болгон жерге келген милиция кызматкерлеринин алгачкы аракеттери тартылган видео жарыяланды.

Тасмада окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери машинадан түшүп, токмок жеп жерде жаткан жаранга көңүл бурбай, шектүүлөр менен учурашып, ээн-эркин сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Андан кийин машина окуя болгон жерден кетип калган.

Милиция кызматкерлеринин бири Казыбек Бапышевге карата кызматтык тергөө башталды.

Буга чейин кабарлангандай, Чүй облустук ИИББдин кызматкери Бишкекте кишилерди чала жан кылып сабагандарды кылмыш болгон жерден алып кеткени кабарланган.

Ленин райондук прокуратурасы 28-августта саат 7:00дөр чамасында Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы боюнча билдирүү түшкөнүн маалымдады.

Окуя болгон жерге №479 экипаж чыгып кеткен. Алардын катарында милициянын Кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери болгон.

"Андан сырткары, окуя болгон жерге Чүй ОИИБдин Б.К. аттуу кызматкери да келген. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Б.Ж. менен С.К. аттуу шектүүлөрдү кылмыш болгон жерден алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Кишилерди чала жан кылып сабагандарды алып кеткен милиционер ким
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 348-беренелери ("Кылмышты жашыруу") боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Социалдык тармактарда мушташтын видеосу да тарады.

1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович издөөгө алынды.