Бишкекте өтчү марафондун байге фондусу 4,5 млн. сомду түздү

Жарыш борбор шаардын көчөлөрүндө болуп, катышуучулары 1, 5, 14 жана 21 чакырымга чуркашат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкекте 15-сентябрда "Ак илбирсти сактайбыз" аттуу эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маалымат жыйын учурунда билдирди.

Моношбекова: Бишкекте ак илбирске арналган марафон өтөт
Жарыш борбор шаардын көчөлөрүндө болуп, катышуучулары 1, 5, 14 жана 21 чакырымга чуркашат.

"Алгачкы жолу спортчулар шаардын борбордук көчөлөрү менен чуркашат. PRO категориясында кесипкөйлөр 21,1 чакырымга жарышка түшүп, Борбор Азиядагы эң ири байге фонду үчүн күч сынашат", — деди уюштуруучулар.

Каттоо иштери 14-сентябрга чейин уланат. Ал үчүн nomadsport.net сайты аркылуу же "Номад Спорт" кеңсесине кайрылса болот. Диреги: Токтогул көчөсү, 171/1 (4-кабат).

Жарыштын жалпы байге фондусу — 4,5 миллион сом.

21,1 чакырымдагы PRO категориясынын байгелери:

  • 1-орун — 630 000 сом;
  • 2-орун — 360 000 сом;
  • 3-орун — 180 000 сом;
  • 4-орун — 90 000 сом;
  • 5-орун — 54 000 сом;
  • 6-орун — 36 000 сом.

Катышуучулардын төлөмүнөн түшкөн каражаттын бир бөлүгү Ак илбирсти жана экосистеманы сактоо боюнча фондуга (GSLEP) которулат.