Эркек кишинин катуу сабалып жаткан видеосу тарады. Бишкектеги окуя

Буга чейин милиция кылмышка тиешеси бар делгендердин сүрөтүн жарыялаган. Алардын жүргөн жери тууралуу билгендер болсо 102 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Интернетке Бишкекте эркек киши мыкаачылык менен сабалып жаткан видео тарады. Кадрлар "Короче" Телеграмм-каналына жүктөлгөн.

Анда көрүнүп тургандай, бир нече эркектин ортосунда чыр чыгып кетет. Алардын бири катуу сокку алып эсин жоготот. Экинчиси каршылык көрсөтүүгө аракет кылат, бирок эки эркек аны ур-тепкиге алат.

Милициядан билдиришкендей, 28-август күнү Д.М. аттуу аял анын күйөөсүн белгисиз адамдар сабап, качып кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 138 ("Ден соолукка залака келтирүү") жана 266-беренелери ("Ээнбаштык") менен кылмыш иши козголгон.

"Шектүүлөрдүн аты-жөнү такталды. Алар — 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович жана 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович", — деп айтылат билдирүүдө.

31-август күнү кылмыш иши ошол эле Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренесине ("Адам өлтүрүүгө аракет кылуу") которулган.

Милиция шектүүлөрдү издеп жаткандыктан, алардын азыркы жүргөн жери тууралуу билгендерди 102 номерине кабарлап коюуну өтүнөт.