Бишкектеги "Ата-Түрк" паркында мыйзамсыз объектилер алынды. Сүрөттөр

Мэрия жарандарды уруксат берилбеген жерлерге павильондорду орнотпоого чакырат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкек шаарында жайгашкан "Ата-Түрк" паркындагы мыйзамсыз объектилер алынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул ирет сейил бактын аймагындагы уруксат кагазы жок сегиз павильон алынды.

"Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Эгер мыйзам бузуулар аныкталса чара көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия жарандарды уруксат берилбеген жерлерге павильондорду орнотпоого чакырат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.