Радио

Мамбеткадыров: 50 пайыз арзандатылган бала бакчаларда 350 орун бар

Өкмөт аппаратынын координация бөлүмүнүн серепчиси Айдарбек Мамбеткадыров өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жеке бала бакчага барган балдары үчүн акыны 50 пайыздан кем эмес төлөп бере турган социалдык долбоор жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Мамбеткадыров: 50 пайыз арзандатылган бала бакчаларда 350 орун бар

Ушул тапта 50 пайыздан кем эмес арзандатылган бала бакчаларда 350 орун бар. Бул тууралуу Айдарбек Мамбеткадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ата-энесинин бирөө же экөө тең мамлекеттик, муниципалдык кызматкер жана алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем болсо, аталган долбоорго катыша алат.

"Мындай демилге үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта иштей баштады. Долбоор үчүн 10 жеке менчик бала бакча менен келишим түзүлүп, 350 орун бар. Документтерди кабыл алуу уланууда. Бул социалдык долбоорго көп балалуу, аз камсыз болгон, баккан адамынан айрылган, ата-энесинин бирөө I же II топтогу майып болсо жана ата-энесинин бирөө же экөө тең мамлекеттик, муниципалдык кызматкер, ошондой эле алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем болсо катыша алат. Бул жылы Бишкек шаарында пилоттук негизде иштесе, кийинки жылдары республика боюнча жайылтууга аракет жасайбыз", — деди серепчи.

Ал азыркы күндө 20 миң наристе бала бакчага кезек күтүп турганын кошумчалады.