БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеш жайкы эс алуудан кийин кезектеги жыйынга чогулду.
Биринчи күзгү отурум Кыргызстандын гимни менен башталды.
Кучакташып учурашкан депутаттар Жогорку Кеңештин шаршемби күнкү жыйынына чейин тарап кетти. Эл өкүлдөрү бүгүн комитеттерде иш алып барат.