Куранды орусчага которгон Валерия Порохова каза болду

Аны менен коштошуу зыйнаты шаршемби күнү Москвада өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ыйык Курандын маанисин орусчага которгон диний ишмер Валерия-Иман Порохова каза болду. Бул тууралуу Россиянын муфтийлер кеңешинин сайтында маалымдалат.

Россиянын муфтийи Шейх Равиль Гайнутдин Порохованын үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Ал быйыл 79 жашка чыкмак.

Муфтийлер кеңеши Порохова котормочу-синхронист эмес, Курандын маанисин которгон жалгыз котормочу экенин белгилешти.

Валерия Порохованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты Москвада 4-сентябрда өтөт.