БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. 31-август күнү Ош шаарындагы Ош — Араван каналынан сегиз жаштагы баланын сөөгү табылды. Анын сөөгүн балык уулап жүргөндөр табышкан. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.
Маалыматта алардын бири мигранттын баласы экени айтылды.
Ага ылайык, сегиз жаштагы эки бала 31-август күнү саат 12.00 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келишкен эмес. Бирөөнүн сөөгү каналдан ошол эле күнү, экинчисин, эртеси — 1-сентябрда суудан табышкан.
"Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кошумча иликтөөлөр жүрүп жатат. Наристелердин денесинде зомбулуктун белгилери байкалбайт. Экөө теӊ кийимчен болушкан. Тергөөнүн негизги божомолуна караганда, жаш балдардын бири сууга түшүп кетип, экинчиси аны куткарууга аракет жасап жатып, экөө теӊ агып кеткен болушу мүмкүн. Азырынча көргөн күбөлөр чыга элек", — деп айтылат маалыматта.
Чөгүп кеткен жеткинчектер бир туугандын балдары болушкан. Алардын бирөөнү ата-энеси бир тууганынын үйүнө таштап, Россияга иштегени кеткен.