Ымыркайын саткан келин менен эки дарыгер беш жылдан соттолду. Өкүм

Айыпталуучулардын ар биринин үчтөн, төрттөн баласы бар.
Sputnik

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Жаңы төрөлгөн баласын сатууга аракет кылган келин менен эки дарыгер беш жылдан эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Ош: сымап сатып кызын турмушка узатмак болгон киши кесилип кетти. Өкүм
Окуя ушул жылдын февраль айында болгон. Анда 10 күн мурун көз жарган 25 жаштагы келин ооруканада иштеген эки кызматкер менен бирге ымыркайын саткан. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери алардын бирин 5000 сом алып, ымыркайды берип жаткан жеринен колго түшүргөн. Кийин ал аркылуу кылмышка тиешеси бар эки аял кармалган. Алар баланы 190 миң сомго баалашкан.

Айыпталуучулардын ар биринин үчтөн, төрттөн баласы бар. Фемида өкүлдөрү соттолуучуларды беш жылга темир тор артында калтырды.